Get Mystery Box with random crypto!

ПОЛИТ УЗНИК

Telegram каналынын логотиби polituznik — ПОЛИТ УЗНИК П
Telegram каналынын логотиби polituznik — ПОЛИТ УЗНИК
Канал дареги: @polituznik
Категориялар: Саясат
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 543
Каналдан сүрөттөмө

Саясий куугунтукка жол — ЖОК!
НЕТ — политическии репрессиям!
МЫ боремся за соблюдения прав человека и законности!

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

2

1 stars

0


Акыркы Кабарлар

2022-10-08 18:16:57 Ырыскелди Жекшеналиевдин Конституциялык даарыланууга, окууга болгон укуктары да тепселенип жатат.
133 views15:16
Ачык / Комментарий
2022-10-08 18:16:55
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси:
1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.
2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.
3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

Ошол эле баш мыйзамдын 33-беренесинде:
1. Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны ооз эки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.

Эскерте кетсек, 2 айдан бери оор берене менен айыпталып камакта отурган саясий туткун Ырыскелди Жекшеналиев 2020-жылдагы президенттик шайлоо агитациясына колдонулган мурдагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин видео-кайрылуусун эч өзгөртүүсүз өзүнүн «Полит Узник» (саясий туткундар) баракчасына чыгарган. Ал эски видеону чыгаргандыгы үчүн айыпталууда.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев камакка алынганда ага бул видео боюнча эч бир кине угузулган эмес. Кызык жагдай...
137 views15:16
Ачык / Комментарий
2022-10-08 14:33:00
Саясий туткун Ырыскелди Жекшеналиевди 2 айга камакка алуу чечимине негиз - «анын инсандыгы документалдуу түрдө такталган жок», - делет. Биринчиден, бул таптакыр чындыкка дал келбейт, Ы.А. Жекшеналиевдин инсандыгы аныкталган документ, анын ID паспорту ишке тиркелгендиги анык. Экинчиден, эгерде Ы.А. Жекшеналиевдин инсандыгы аныкталбаса, анда сот кимдин башкоргоо чарасын караган жана кимди камакка алган?

«Өздүгү жана жашаган жери аныкталбаган» - дегенге кайпылсак. Анда милиция кызматкерлери кимдин үйүн тинтүүгө алып, кимдин апасынын компьютерин алып кеткен?

Бул Ырыскелди Жекшеналиев айткандай - маразм, идиотизм да?! Ал эми бул ишке катыштыгы барлар - идиоттор жана маразматиктер да?!

Сөз (02.09.2022) Бишкек шаардык сотунда анын жактоочусу К. Турдалиев сүйлөгөн сөздөн алынып, өзгөртүүсүз берилди
177 views11:33
Ачык / Комментарий
2022-10-07 17:43:53
Өткөндө (27.09.22 ) Ырысты ооруканага текшерткенибизде кардиолог СИЗО 1дин мед.кызматкерлерине Ырыска инфекционист чакыртып текшерүүдөн өткөрүүсүн айтышкан(подозрение на гепатит). Андан бери 10 күн өттү. Чакырбашыптыр. Кудай сактасын эгер Гепатит оорусу бар болсо СИЗОдогу жанагынча кишиге жукса ким жооп берет?
__________________________________________________

В связи с ухудшением здоровья Ырыса Жекшеналиева, 27.09.22г Национальным Центром Кардиологии была создана врачебная комиссия для обследования Ырыса. Состоялся консилиум,в результате которого было рекомендовано мед.работникам СИЗО-1 вызвать инфекциониста для дополнительного обследования в связи с подозрением у него гепатита.С тех пор прошло уже 10 дней,но инфекциониста не вызывали.Кто понесет ответственность,если подозрение на гепатит у Ырыса будет подтверждено и он может заразить в СИЗО окружающих.
248 views14:43
Ачык / Комментарий
2022-10-07 06:13:09
Эрлан Бекчороевич:

Тергөөчүгө чара көрүлсүн!

Адам тагдыры оюнчук болуп калдыбы? Ырыс ооруп жатат десек дагы ооруканага которушкан жок. Ырыстын жактоочусу тергөөчү Улан Джапеков менен байланышып: «Баш коргоо чарасынын убактысы жакындап калды тергөөнү бүттүрөсүңбү?» десе. «Азыр жеке жумуштарым болуп жатат дагы 1 айга узартамго» дептир. Тергөөчү каалаганын кыла бергидей Ырыстын эркиндиги оюнчукпу? Негизи бөгөт чарасы 12-13-октябрда каралмак. Бирок эртең сотко алып келип, тергөө иши бүтө элегине байланыштуу деген шылтоо менен 1 айга узартырат экен деп жатышат.

Ички иштер министрлиги бул тергөөчүңөргө чара көрбөсөңөр болбойт. Ушундай тергөөчү, соттор бийликке ого бетер көө сүйкөйт.

Атыр Абдрахматова, Б. Т. Рысбеков бул жака көңүл буруп койбосоңуздар каалаганын кыла беришеби?
294 views03:13
Ачык / Комментарий
2022-10-02 15:42:38
Тилекмат Куренов президентке саясий туткундагы Ырыс Жекшеналиев баштаган активисттерди бошотууну талап кылды!

Булак: Тилекмат Куренов
547 views12:42
Ачык / Комментарий
2022-10-01 17:24:55
Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев иликтөөчү журналист Болот Темровдун акталганын кубаттады. Мындан улам ал өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына, камактагы журналисттер, блогерлерге маселесине токтолду.

"Сөз эркиндиги болбогон коом тыңдап өнүгө албайт. Мен кечээ Болот Темировго чыгарылган сот чечимин абдан жылуу кабыл алдым. Сот чечими адилет, орундуу болду, бийлик органдары, айрыкча күч түзүмдөрү жазалоо, айыптоо ыкмаларынан кетиши керек. Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев жана башкалар эч качан коррупционер болгон эмес. Ооба, алар балким кайсы бир ойлонуштурулбаган эмоционалдык нерселерди жасашкандыр. Бирок бул жагдай аларды дароо түрмөгө отургузууга негиз болбойт деп эсептейм. Эгер биз өнүккүбүз келсе сөз эркиндиги өңдүү принциптерди бекем карманышыбыз керек",-деди Алиев.
579 views14:24
Ачык / Комментарий
2022-09-28 17:24:06
Эрлан Бекчороевич: Ырыстын апасы ооруканада. Ден-соолугун сурап келдик. Эне баласы үчүн ойлонбой койбойт. Ырыстын апасынын баскан турганына чейин аңдып байкуш апабызды дагы жүдөтүшүптүр. Оорубаңыз апа! Баары ордуна келет!
639 views14:24
Ачык / Комментарий
2022-09-27 08:33:46
Эрлан Бекчороевич: Ырыс Жекшеналиевди коркунучтуу кылмышкердей ооруканага алып келишти. Ырыстын азыр ден-соолугу начарлап кетти. Ооруканага которгула деген талапты укпай жатышат. Паракорлор камалса дароо больницага которушмак!

Бошоткула!
645 views05:33
Ачык / Комментарий
2022-09-24 17:03:07
Замир Жоошев:
Ырыска боштондук!

Адамды ТИЗОго камакка алуу анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш (11-берене, КРнын Жазык-процессуалдык кодекси).
______________________

Свободу Ырысу!

Содержание человека в СИЗО должно осуществляться в условиях, исключающих угрозу его жизни и здоровью (статья 11 Уголовно-процессуального кодекса КР).
1.3K views14:03
Ачык / Комментарий